Гарик Сукачев Кыргызстандагы чиркөөнүн курулушуна акча чогултуп жатат

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүБелгилүү актер жана музыкант Гарик Сукачев. Архив
Белгилүү актер жана музыкант Гарик Сукачев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чиркөөнү калыбына келтирүү ишине жана башка керектүү буюм-тайымга 1 миллион 300 миң рубль зарыл. Соцтармактагы демилгени көпчүлүк колдоого алды. Алардын арасында медиа тармактагы белгилүү адамдар да бар.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Белгилүү актер жана музыкант Гарик Сукачев Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Манасы айылындагы православ чиркөөсүнүн курулушуна акча чогултуп жатканы актердун Facebook тармагындагы баракчасында маалымдалат.

Иоанна Кронштадскийдин чиркөөсүнүн курулушу аяктай элек. Анын толук кандуу иштешине китепкана, мектеп жетпей турат. Мындан тышкары, анын ички жасалга иштери да бар.

"Биз Бишкектеги концерттен кийин аэропортту көздөй кетип бара жатканбыз. Манас айылында аягына чыга элек чиркөөнү көрүп калдык. Анда "Колуңардан келишинче жардам бериңиздер" деп жазылып туруптур", — дейт ырчы өз кайрылуусунда. 

Сукачев чиркөөнү калыбына келтирүү ишине жана башка керектүү буюм-тайымга 1 миллион 300 миң рубль зарыл экенин белгилейт.

Ал эми чиркөөнүн кызматкерлери россиялык жылдыздын бул аракетине чоң кубанычта экенин билдиришти.

"Биздин суранычыбызга көңүлкош мамиле жасалбаганына сүйүнүп жатабыз", — дешти кызматкерлер.

Сукачевдун бул демилгеси анын күйөрмандарынын арасында чоң кызыгууну туудурду. Бир күндүн ичинде 18 миң 365 рубль чогулган. Мындан тышкары, россиялык жылдыздар да бул аракетти колой тургандыктарын белгилешти.

"Менин оюмча бул абдан жакшы демилге. Элестетип көргүлө, тээ алыскы Кыргызстандын Манас айылынын тургундары сизге ыраазычылык билдирип жатса кандай сонун", — дейт актер Иван Охлобыстин. 

Акча чогултуу акциясы эки ай бою жүрөт. Эскерте кетсек, аталган чиркөөнүн курулушу 2012-жылы башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0