БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бүгүн өкмөт өз жыйынында 2016-2017-жылдарга карата даярдыгы тууралуу маселени карады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сариев өткөн жылдагы ири өзгөрүүлөрдүн бири катары "Кемин" 500 Кв подстанциясын жана "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы линиясын ишке берүүнү атады.
"Муну менен биз өлкөнүн көз карандысыз энергетикалык шакекчесине ээ болдук. Бул шартты натыйжалуу пайдаланышыбыз керек", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле премьер-министр Токтогул ГЭСиндеги аварияларды эске алуу менен мындай кырдаалга жол берген жетекчилерге сөгүш берүү керек экенин билдирди.
"Бул авария биз үчүн чоң коңгуроо болду. Ошондуктан быйыл күздөн тарта Токтогул ГЭСинде ири реконструкциялык иштер башталат. Анын алкагында аггрегаттар алмаштырылып, үч жылдын ичинде кубаттуулук 20 пайызга көбөйөт", — деди Сариев.
Өкмөт башчы быйылкы жылы Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча бир катар керектүү чаралар кабыл алынганын кошумчалады.
Премьер-министр бул жааттагы ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.
Сариев кийинки күз-кышкы мезгилге даярдык эрте башталганын билдирип, бардык мамлекеттик органдарды өз милдеттерин так аткарууга чакырды.