БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Сергей Лавров телефон аркылуу Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлигинин берген маалыматында айтылат.
"23-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Абдылдаевдин сунушу менен Россиянын тышкы иштер министри Лавров байланышты", — деп айтылат маалыматта.
Тышкы иштер министрликтеринин башчылары эки өлкөнүн мамилелери, Борбор Азиядагы кырдаал жана ШКУ менен ЖККУнун алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашканы маалыматта белгиленген.