Төрт күн мурун Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагына өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, Кербен — Ала-Бука жолуна (чек аранын такталбаган участогу) блокпостторду орнотту. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.
Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чек араны көзөмөлдөп турган аскерлердин саны азайды. Буга чейин 20дан аскер абалды көзөмөлдөп турса, учурда эки өлкө тараптан 8ден аскер көзөмөлгө алышууда.
Бирок, бүгүн түшүндүрүү иштери эмнегедир нааразычылык акциясына айланып, Аксынын Кербен шаарына эл чогулуп ачуу сөздөр айтылды.
Оппозиция мүчөлөрүнүн бири "өкмөт башы Темир Сариев шашылып сүйлөп, артынан чыгып сүйлөгөн Азимбек Бекназаровдун сынына чычалап, нааразы боло баштаган элден шашылыш кетип калды. Жөн кетпей сүйлөчү микрофонду көтөрө кетиптир", деп элди козуткан постторду жаза баштады.
Түшүнөм, чек ара маселеси чечилүүгө тийиш. Бирок, эмне үчүн ызы-чуусуз, тынч жашоодо бир жеңден кол чыгарып, акыл калчай чечсе болбойт? Бир кезекте Курманжан датка түтүндөн от чыгып кетпесин деп, баласынын жанын тынчтык үчүн садага чаппады беле?
Так ошол сабырдуулук менен чыдамкайлыктын аркасынан кырылып калбай бир ууч эл сакталып калдык.
Азыр болсо, анын бири жоктой сезилет. Тынчтык тууралуу дарс окуйбуз деп Аксыга жөнөгөндөр фейсбуктагы баракчасына "Бийликтин колунан пок келбейт. Юбка кийип алышканбы" деген орунсуз сөздөрдү эл оозуна салып, жайылта баштады. Жыйынтыгында, фейсбукчулар эки жаатка бөлүнүп, биринин абийирин экинчиси төгүп, ит эле болушту.
Илгери улуу менен кичүүнүн өз орду болгон. Аксакалдарыбыз жаштарга жол көрсөтүп, чыныгы баатырларды тарбиялашкан. Ошол эле Бакай ата чоң жиндини Манас кылбады беле.
Азыркы баштуу деген айрым аксакалдарыбыз идеялуу, билимдүү жаштарды эмес, митингчилерди тарбиялап жатабы деп ойлоп кетем.
Тынчтык жашоодо алгылыктуу бир иш жасабаган адамдар, кайсы жерде дүрбөлөң болсо "герой" болуп чыга келмей модага айланды.
Чыныгы лидер, көйгөйдү алдын ала көрө билет. Ал эми "геройлор" бир күнү төө буурчакты, экинчи күнү бензинди, бензин арзандап кетсе кайра башка көйгөйдү таба калып, жумушка бараткандай көчөгө чыга берет тура.
Бардык оппозиция мүчөлөрүнө кайрылат элем. Ушул макаланы окуп жаткан болсоңуздар, өзүңүзгө "мен өлкө үчүн эмне иш кылдым?" деген суроону узатып көрүңүзчү. Жоопту мага же элге эмес, өзүңүзгө бериңиз, ошол жетиштүү.
Баса, "мен бийликтен коркпойм, пикиримди ачык айтам" деп өзүн баатыр сезгендерге азыр XXI кылым экенин эскертип койгум келет. Андай пикирлерди Сталиндин маалында айтып чыксаңыздар, "ооо-оо-ооо мыкты экен" демекпиз.
Азыр болсо акылдын, идеянын, билимдин заманы. Куру кыйкырык, сиздин эч ким экениңизди дагы бир жолу тастыктайт.
Мунун бардыгын айтып жатканымдын себеби — бүгүн кыргыз элине митинг менен ызы-чуунун кереги жок!
Митинг, ызы-чуу, революциянын аркасында өнүгүү бар болсо Украина, Сирия, Афганистан, алысты албайлы, өзүбүз эмгиче жыргап кетет элек го.
Бүгүн оппозиция мүчөлөрүнүн арасында намаз окуп, Кудайдан сүйлөп, ажылыкка барып келген бурадарлардын бири элди тынчттыкка чакырат го деп үмүт арткам, бирок андай болбоду. Тескери пикирлерди жазып жатканын көрүп, ичим сыйрылды.
Кыскасы, "геройлордун" саны ушунча көбөйдүбү айтор, эл Канчоро менен Күлчоролордун айырмасын билбей деле калды көрүнөт….