Эртең борбор калаада күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКожомкул атындагы спорт сарайы. Архив
Кожомкул атындагы спорт сарайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Эртең, 22-мартта борбор калаада күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Дарактагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксыда кар жаап, гүлдөгөн өрүктү үшүк алышы мүмкүн
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. 

Күндүн жылышынан улам Кыргызстандын тоолуу райондорундагы ашуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Бишкек — Ош унаа жолунун 121-137чи жана 198-265чи чакырымдары кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан айдоочуларга авто унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо эскертилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0