БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Мындан 10 жыл мурун 21-март күнү Twitter микроблогу ачылган.
Алгач америкалык программист Джек Дорси 2006-жылы Twittеr микроблогун Odeo ишканасы үчүн гана иштеп чыккан. Көп өтпөй ал социалдык түйүнгө айланып, учурда анын кызматын 300 миллиондон ашуун адам колдонуп келет.
Twitter — дүйнө жүзүн камтыган белгилүү социалдык түйүн. Анда 140 белги менен маалымат жазып, сүрөт жүктөсө болот.