БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Астана шаарында өткөн лицензиялык турнирде 59 килограмм салмак категориясында чемпион болду.
Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча лицензиялык эл аралык турнир Казакстандын Астана (Казакстан) шаарында өтүп жатат.
Буга чейин кыргызстандык балбан кыз финалдык беттешке чыккандыктан Рио-де-Жанейро шаарында өтө турчу Жайкы Олимпиадалык оюндарга жолдомо алган.
Астанада өткөн лицензиялык турнирде кыргызстандык төрт балбан Олимпиадага катышуу үчүн жолдомо алышкан. Эми Жайкы Олимпиадалык оюндарга Кыргызстан сегиз лицензия алды.
Астанадагы турнирге чейин кыргызстандык Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (бардыгы жеңил атлетчи), ошондой эле, грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев лицензия алышкан.