Нооруз майрамында күн ачык болору болжонууда

Жазылуу
Майрамга чейин үч күн аба ырайы бузулуп, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Нооруз майрамында, 21-мартта аба ырайы ачык болорун ӨКМ Кыргызгидрометке шилтеме берүү менен билдирди. 

Жол жабык белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноорузда Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат
Маалыматка ылайык, 18-19-20-мартта өлкө аймагындагы тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн.

20-март күнү күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Өлкөнүн тоолуу аймактарында автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми 21-22-март күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0