БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев аскердик кызмат өтөөгө чакыруу боюнча буйрукка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кызмат өтөөгө апрель-июнь айларында 18ге толгон эр-жигиттер чакырылат.
Буйрук расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.