Бишкектин айрым аймагында 8 күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" бул газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилөөдө.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында сегиз күнгө газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-20-март күндөрү Калинин, Чүй көчөлөрү менен Чоң Чүй каналы чектешкен аймакта көгүлтүр от берүү токтотулат. Мындан сырткары, Биринчи Май, Нургазиев, Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде, Садовое, Восток айылдарында, ГЭС-3, Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" бул өчүрүү газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0