БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү саат 16.18де Лев Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн киши "кулап кетти" деген билдирүү келгенин "Тез жардам" кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
"Окуя болгон жерге келген реанимациялык бригада 30-35 жаштардагы азиат улутундагы кишинин каза болгонун аныктаган", — дейт Борисов.
Ал ошондой эле окуя болгон жердеги милиция кызматкери маркум көпүрөдөн кулап кеткенин айтканын билдирди.