БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Баткен облусундагы "Барчын" бала бакчасынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Исфана шаарындагы бала бакчанын кызматкерлери буга чейин жумуштан четтетилген же таптакыр иштебеген адамдарга айлык акы чегерилип келген. Натыйжада бөлүнгөн каражатты бала бакчанын кызматкерлери өздөрүнө ыйгарып турушкан.
Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же сарптоо) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.