БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Финансы полициясынан Баткен облусундагы кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тийиштүү документтери жок 19 тонна капуста жүктөп келе жаткан жаранды кармашкан.
Маалыматка ылайык, кармалган капуста 171 миң сомго бааланган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси "Аткезчилик" боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.