БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Лейлекте мамлекеттик чек араны бузган эки тажик жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар кой кайтарып жүрүп, 10-12 чакырым Лейлек районунун аймагына кирип кетишкен.
Чек ара кызматы Кодекстин шарты боюнча, тажикстандык жарандарга айып пул салынганын белгилейт.