Бишкек шаарында Кыргызстан менен Дагестандын курама командалары эл аралык Эртаймаш кулатуу WEF-4 эрежесиз эр уруш эл аралык турниринде беттешти. Бул тууралуу дүйнөлүк WEF федерациясынын Кыргызстандагы директору Сейтек Оморов билдирди.
"Биринчи сегиз оюнда Кыргызстан менен Дагестан бирдей келип, 4:4 упай топтошту. Акыркы чечүүчү мушташ Актилек Жумабек уулу менен Эльдар Магомедовдун ортосунда өттү. Тилекке каршы биздин мушкер утулуп калды", — деди Оморов.
Ошентип 5:4 эсебинде Дагестандын курама командасы төртүнчү эл аралык турнирде жеңишке жетишти.
Турнирдин алкагында рейтингдик төрт мушташ өтүп, ага Казакстан жана Өзбекстандан келген коноктор күч сынашты.