Мыйзамга ылайык, шаар башчысы мамлекеттик тилди билиши керек. Жума күнү мамлекеттик тил боюнча атайын комиссия шаар башчысы болууга аттанган Албек Ибраимовдон экзамен алышты.
Комиссия жалпы чечими менен ал кыргыз тилин биле турганын ырастады.
Буга чейинки шаар башчысы Кубанычбек Кулматов өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Учурда анын милдетин вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарууда. Шаар башчысын шайлоо 27-февралда өтөт. Аны Бишкек шаардык кеңештин депутаттары шайлашат.