БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Британиялык Populus изилдөө компаниясы Sputnik Эл аралык агенттиги жана радиосу үчүн жүргүзгөн сурамжылоодо Германиянын жарандарынын 41 пайызы "өкмөт мындан ары качкындарды кабыл албашы керек" деген позицияда экендигин айтышкан.
Өкмөт өлкөгө качкындарды киргизиши керек деген немецтердин саны Кёльн шаарындагы окуядан бир айга чукул убакыт өткөндөн кийин жети пайызга төмөндөп кеткен.
Германиядагы бул сурамжылоону британиялык Populus деп аталган изилдөө компаниясы Sputnik Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу үчүн өткөрдү.
Ал эми бозгундарды "кабыл алышыбыз керек" деген пикирди кармангандар жети пайызга азайган. Өткөн жылдагы сурамжылоонун жыйынтыгында 58 пайыз болсо, быйыл бул көрсөткүч 51 пайызга түшүп кеткен.
Сурамжылоону британиялык Populus деп аталган изилдөө компаниясы Sputnik маалымат агенттиги үчүн 2015-жылдын 25-сентябрынан 15-октябрына чейин жана 2016-жылдын 3-4-февраль аралыгында өткөргөн.
Алар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95 пайыз мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.
"Sputnik. Пикирлер" долбоору тууралуу маалым кат
Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus изилдөө компаниясы болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.