Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бир жумада болгон олуттуу жана кызыктуу окуялардын сүрөт топтомун тартуулайт.
Индияда шаарга кирип кеткен жапайы пил токтоп турган автомобилдерди жана мотоциклдерди аңтара сүздү. НАСА "кара тешиктин" жанындагы рентген нурунун булагынын сүрөттөрүн тартты.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Бахрейндин падышасы Хамад II бен Иса аль-Халиф менен жолугуп, баалуу белектерди тартуулады. Италиянын Ивреа шаарында апельсин менен чабышып "мушташышты".
Кытайда Жаңы жылды тосушту. АКШнын президенттигине талапкер Вермин Суприм америкалыктардын күн сайын тишин милдеттүү түрдө тазалашы керек болгон мыйзам кабыл алдырам деп сөз берүүдө. Космонавттар ачык космосто селфи жасашты. Ал эми Гонгконгдо сатуучулар менен полиция кагылышты.
Тарыхта биринчи жолу Москванын патриархы Кирилл кесиптеши Рим папасы Франциске менен Гаванадагы Хосе Марти атындагы эл аралык аба майданда кездешти. Алардын жолугушуусу эки саатка созулду. Анын жыйынтыгында орус православдык чиркөөсү менен Римдин католик чиркөөсүнүн мамилелеринин жаңы этабын калыптындыруу боюнча эки тараптуу декларацияга кол коюлду
Индиянын Силигури шаарынын көчөлөрүндө жапайы пил автоунааларды аңтарып салды. Шаарга кирүү үчүн ал токойду, бир канча жолду басып жана анча чоң эмес дарыяны кечип өткөн
Бахрейндин падышасы Хамад II Иса аль-Халифке Россиянын президенти Владимир Путин ахалтекин тукумундагы жылкыны белек катары берип жатат, Бочаров Ручей резиденциясынын аймагы
АКШнын президенттигине талапкер Вермин Суприм Манчестердин борборунда шайлоочу менен сүйлөшүүдө. Анын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири – америкалыктардын күн сайын тишин милдеттүү түрдө тазалашы керек болгон мыйзамды кабыл алдыруу
Гонгконгдун полициясы шаардагы башаламандык үчүн 38 катышуучуну күнөөлөп жатат. Шаарда жергиликтүү соодагерлер менен Азык-түлүк жана гигиена боюнча департаменттин өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. Полиция тараптарды ажыратуу үчүн эскертип асманга ок атты
Грециянын Афина шаарында дыйкандар социалдык камсыздандыруу жана салыктын жогорулашына нааразы болуп каршылык акциясына көчөгө чыгышты. Полицияга таш, бөтөлкө жана жашылча ыргыткан дыйкандар Айыл чарба министрлигинин имаратына кирүүгө аракет кылышты. Аларды токтотуу үчүн тартип сакчылары жаш агызуучу газ колдонду
Испаниянын футзалчылары Европа чемпионатынын финалдык оюнунда киргизген голго кубанып жатышат, Сербия, Белград. Финалдык беттеште алар Россия менен чыкты. Оюн 3:7 эсебинде испандыктардын пайдасына аяктап, алар Европанын жети жолку чемпиону болду
Немис ырчысы Лена Майер-Ландрут эл аралык Берлинале кинофестивалында. Германия. Берлинале – бул Германиядагы маанилүү маданий иш-чара. Ал 66-жолу өтүп жатат
Жарандык коргоонун өкүлдөрү Түркиянын Алеппо аймагындагы авиасоккуларынан кийин урандынын алдында калган кызды куткарып жатат. Ишемби күнү түрк артиллериясы Миннех авиабазасындагы күрд аскерлерин аткылаган
Шоколаддан жасалган кийимдерди жана аксесуарларды көрсөтүп жаткан модель. Миландагы Salone del cioccolato көргөзмө-жарманкесинде. Үч күн бою көрүүчүлөргө шоколаддан жасалган түрдүү кийимдер көрсөтүлдү
Зика вирусу учурда жер шарынын Батыш тарабына тездик менен жайылууда. Ал жыйырмадан ашык мамлекетке тарады. Былтыр май айында ал Бразилияда гана болчу. Бул вирус кош бойлуу аялдар үчүн абдан коркунучтуу. Ал түйүлдүктүн мээсин жабыркатат. Сүрөттө аталган вирустан мээси жабыркаган төрт айлык бөбөк. Бразилия
Египетте Асуан – Каир багыты боюнча бараткан поезд цемент блокту сүздү. Анын кесепетинен бир канча вагон ала салып кеткен. ЖМКнын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөр экинчи вагондо болгон, биринчи вагондо почта болгон. Анын кесепетинен 71 киши жабыркап, бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес.