Опера жылдыздарынын концертинин өтүшүн Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөттөрдөн көрүңүз.

Концерттин башталышына 15 мүнөт калды

Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин музыканттары

Башкы дирижерлукту Майкл Рольф Кук аркалады

Концертте Джузеппе Верди, Джакомо Пуччини, Жорж Бизе, Пьетро Масканьи менен Джоаккино Россининин чыгармалары жаңырды

Германиядан келген тенор Гэрри Давислим

Чет элдик коноктордон тышкары концертке тенор Саян Исин, сопрано Заира Раимбекова жана көркөм жетекчи, башкы дирижер Рахатбек Осмоналиев катышты

Германиядан келген сопрано Жамиля Раимбекова

Театрдын залы бут коерго жер жок болуп толду

Германиялык опера жылдыздар дүйнөнүн атактуу сахналары — Ла Скала, Ковен Гарден, Карнеги Холл жана Вена операсында жанышкан

Көрүүчүлөр кыргыз музыканттарынын коштоосундагы "Кармен", "Бал-маскарад", "Сыйкырдуу флейта", "Травиата" чыгармаларына күбө болушту

Көрөрмандын ыраазычылыгы — ырчы үчүн башкы баа

Оркестрдин музыканттары концерттин аякташынан кийин. Дүйнөлүк классика көп күчтү талап кылат

Театр сахнасы менен аспаптар кийинки концертти күтөт.