БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Социалдык фонддун ишмердүүлүгүндө 4,4 миллион сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталганын Эсеп палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекеме фонддун 2014-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Мында фонддун райондук жана шаардык башкармалыктарында дыйкан чарба жерлери боюнча 3,5 миллион сом камсыздандыруу төлөмү которулбаганы аныкталган.
Мындан тышкары, төлөөчүлөргө 400 миң сом камсыздандыруу төлөмү ашыкча чегерилип, Араван районунда 65,4 миң сомго, ал эми Бишкектин Биринчи Май районунда 323 миң сом ашыкча пенсия төлөнгөнү белгилүү болгон.
Текшерүүнүн натыйжасында Социалдык фонд бардык сумманы калыбына келтирүүгө милдеттендирилди.