Коргоо министрлиги аскердик объектилерди курууда өлкөнү 10 млн. сом чыгашага учураткан

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучу жумуш учурунда. Архив
Куруучу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 2,5 жыл мурун бөлүнгөн каражатты өз каалаганындай калчап келген Коргоо министрлиги менен "Аскер курулуш" ишканасына үч кылмыш иши козголгон. Учурда ишти аскер прокуратурасы карап жатат.

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Аскер прокуратурасы Коргоо министрлиги жана "Аскер курулуш" ишканасынын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишти иликтөөнү улантып жатканын Башкы прокуратура билдирди.

Буга чейин Коргоо министрлигине караштуу мекемелерди оңдоо, капиталдык ремонттон өткөрүү иштеринде бир топ мыйзам бузуулар аныкталып, алдын ала маалымат боюнча мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Мында бюджеттен курулуш үчүн бюджеттен каралган акча "Аскер курулуш" ишканасы аркылуу коммерциялык компанияларга которулуп, жеке максатта пайдаланылып келген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө аталган уюмдар министрлик жана ишкана кызматкерлери менен биримдикте иш жүргүзүлүп келгени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Дело папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта капиталдык курулуш департаментинин жетекчилигине кылмыш иши козголду
Учурда аталган кылмыш иши боюнча Эсеп палатасы финансы-чарбалык аудит жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, соттук-курулуш экспертизалар дайындалган. Аудит менен экспертизанын жыйынтыктары менен Коргоо министрлигинин жана "Аскер курулуш" ишканасынын кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берилмекчи. 

Учурда иликтөө иштери улантылууда.

Коргоо министрлиги 2015-жылдын ноябрь айынан баштап Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0