БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Германия президенти Йоахим Гаук менен Федералдык канцлер Ангела Меркелге Жогорку Баварияда болгон темир жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындан эки күн мурун Германиянын Бавария аймагындагы эки поезддин кагылышуусунан 10 киши каза болуп, 50 жүргүнчү оор жаракат, ал эми 150сү түрдүү жаракаттарды алганы айтылган.
Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабырлануучулардын бардыгына алардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин билдирип коюуну өтүндү.