Вице-премьер жаңы төрөгөн келин менен ымыркайдын өлүмүн иликтөөнү тапшырды

Жазылуу
Кудайбердиева бүгүн кечке чейин окуянын чоо-жайын аныктоону талап кылды.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева Чүй облустук төрөт үйүнөн көз жарган келин менен ымыркайдын өлүмүнүн себептерин аныктоону тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эки окуя тең 8-февраль күнү болгон. 

Ооруканада жайгашкан ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул: милиция ымыркайдын ажатканадан кантип алып чыгарылгандыгын айтып берди
Вице-премьер аталган окуяны жеке көзөмөлүнө алып, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге адистерди тартуу менен тыкыр кызматтык териштирүү жүргүзүүнү тапшырды.

Атка минер өлүм менен коштолгон окуянын чоо-жайы боюнча бүгүн кечке чейин маалымат берүүнү талап кылды.

Өткөн жылы Кыргызстанда 62 аял кош бойлуу кезинде жана төрөт маалында көз жумган. 2014-жылы бул көрсөткүч 82 аялды түзгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0