БИШКЕК, 10 фев — Sputnik. Мектептердеги зордук-зомбулукка каршы кескин чаралар көрүлүш керек. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев билим берүү жана илим министри Элвира Сариева менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
Акыйкатчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, жолугушууда мектеп рэкетчилигин жоюу маселеси каралып, "Зордук-зомбулуксуз мектеп" долбоорунун ишке ашырылышы талкууланды.
Сариеванын айтымында, учурда министрлик бардык мектеп жана бала бакчаларда видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча долбоор иштелип чыгууда. Бул өз кезегинде рэкетчилик менен туура эмес жүрүм-турумду өз маалында аныктоого жардам бермекчи.
Акыйкатчы институту тарабынан 2011-жылы демилгенленген "Зордук-зомбулуксуз мектеп" долбоору былтыр аяктап, республиканын 38 мектебин камтыган.
Эки тарап мындан ары да балдардын укугун коргоо жана жеткиликтүү билим алуусу боюнча тыгыз кызматташууга макулдашышты.