00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
В КР ужесточили ответственность за нарушения при хранении персональных данных. Кого могут наказать?
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түптөгү төрөт үйүндө күйүк алып чарчаган ымыркай боюнча эл митингге чыкты

Жазылуу
Бүгүн Түп райондук төрөтканасында митинг өтүп жатат. Анда Мадина Муратбекованын туугандары менен жергиликтүү эл башкы дарыгер жана төрөттү кабыл алган Назгүл Рысбаеваны иштен кетирүүнү талап кылышууда.

БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп райондук төрөтканасында ымыркайды туура эмес дарылоого шектелген дарыгерлерге каршы митинг өтүп жаткандыгы тууралуу жабырлануучу Мадина Муратбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, кош бойлуу Мадина Муратбекова 24-ноябрь күнү Түп райондук төрөтканага жаткырылып эртеси кыздуу болгон. Ымыркай дени сак төрөлгөнү менен беш күндөн кийин абалы начарлап, облустук ооруканага которулат. Жыйынтыгында, ымыркайдын абалы начарлап чарчап калат. Жабырлануучунун айтымында, ымыркайга камфордук спирт сүйкөлүп, жылыткычка жакын кармалгандыктан денесинен күйүк алган. Бул боюнча Муратбекованын туугандары кылмыш иш козголушун талап кылат.

"Караколдогу ооруканага барганда андагы дарыгерлер ымыркайдын абалы өтө начар экенин билдирип, үч күн мурун эле которуу керек экенин айтышты. Кызыма туура эмес дары сайып, дарылашканын да тастыкташты", — дейт Муратбекова. 

Кызымдын денесине камфордук спирт сүйкөп жылыткычка жакын кармашкан, — деген жабырлануучу төрөттү кабыл алган Назгүл Рысбаева аттуу дарыгер ага атайылап жыныстык органдар аркылуу жугуучу "гонорея" оорусу менен ооруйт деген жалган диагноз чыгарып, оорунун вирусу ымыркайга залакасын тийгизген деген шылтоо менен өз күнөөсүн мойнунан алдыруу аракетин жасаганын айтат. 

"Мен төрөтканага жаңы келгенде анализдерим таза чыккан. Кийин облустук ооруканага которулуп жатканда дагы бир ирет мазок алып, "гонорея" менен ооруйт деген диагнозду таркатышты. Жолдошум экөөбүз жеке менчик ооруканага барып текшерилсек бардыгы таза чыкты", — деген Муратбекова жыныстык жактан жугуучу оору менен жабыркайт деген маалымат айылга таркап кеткендиктен элден уялып, жаман абалда калганын айтат. 

Жабырлануучу өзүндөгү далилдердин бардыгын төрөттү кабыл алган Рысбаевага көрсөтүп, "күнөөнү моюндайсыңбы" десе бир сөз айтпастан башын ийкеп коомдук теле аркылуу кечирим суроого даяр экенин билдирген. Мындан сырткары, адвокат аркылуу канча акча болсо да берүүгө даяр экендигин байма-бай айттырганын жабырлануучу тастыктады. 

Бирок, күнөөнү моюндагансып башын ийкегени менен Рысбаева жабырлануучуга "гонорея" диагнозун чыгарбагандыгын айткан. 

"Диагнозду чыгарган эмесмин деген Рысбаева күнөөнү лаборант кызга жүктөй баштады. Ал кызга кайрылсак, "мен сизден мазок алган эмесмин да, болгону жыйынтыгын чыгарып бердим" деп айтты. Чынында эле анын тиешеси жок, анткени мазокту Рысбаева менден өзү алган", — деп кошумчалайт жабырлануучу. 

Учурда Түп райондук төрөтканасынын алдына эл чогулуп митинг өтүп жатат. Анда башкы дарыгер менен Назгүл Рысбаеванын иштен кетиши талап кылынууда. 

Дарыгер Назгүл Рысбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине күнөөлүү эмес экенин айтып, эч кандай комментарий бере албай тургандыгын билдирди.

"Бул иш боюнча мен эч кандай комментарий бере албайм", — деп дарыгер башка суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Ал эми бул иш боюнча иликтөө ишин жүргүзгөн тергөөчү чалууларга азырынча жооп бербей жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0