Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктап, командалык эсепте КР курама командасы биринчи болду.
Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктап, командалык эсепте КР курама командасы биринчи болду
Түндүк Корея "Сохэ" космодромунан баллистикалык ракета учурду. Он мүнөттөн кийин ал Япониянын Окинава перфектурасынын аба мейкиндигинен учуп өткөн. Түндүк Кореянын бул аракетин бир катар мамлекеттер сынга алды. Өлкөнүн борбордук телеканалы "Кванменсон-4" жасалма спутниги ийгиликтүү учурулганын жарыялады
Япониянын түштүгүндөгү Кагосима провинциясында Сакурадзима жанар тоосу атылды. Ал "Сэндай" атом электр станциясынан 50 чакырым алыстыкта орун алган. Жанар тоонун атылышынан каза болгондор тууралуу маалыматтар түшкөн эмес
Тайвандын түштүк аймагындагы аралда күчү 6,4 магнитудага жеткен жер силкинди. Анын кесепетинен бир нече үйлөр урады. Кырсыктан 34 киши каза болсо, 515 киши жаракат алган. Куткаруучулар жер алдында калган 120 кишини куткарууга аракет кылууда. Ага 600дөн ашык киши катышууда
Жакартада аткезчилик жолу менен алынган аң-терилер өрттөлүп жок кылынды. Жолборстун, крокодилдин, таш бакалардын жана башка сейрек кездешкен жаныбарлардын терилери атайын бочкаларда өрттөлдү
Лабораториядагы Зика вирусун алып жүрүүчү Aedes albopictus чиркейлер. Бразилиянын 18 штатында Зика вирусунан жарым миллиондон ашык жаран жабыркаган. Бул вирусту алып жүргөн чиркейлерди жок кылуу үчүн өлкөнүн куралдуу күчтөрү 220 миң аскерди аймакка атайын химиялык кошулмаларды чачуу үчүн жөнөттү
Британиянын кино академиясы жана телеберүүдөгү искусство премиясы үчүн бет каптарды даярдоо. Аталган сыйлык кинематографиядагы, телеберүү искусствосунда, компьютердик оюндар дана балдар искусствосунда жетишилген ийгиликтер үчүн берилет
Самба мектебинин окуучулары парад-конкурста. Рио-де-Жанейродо 5-февралда карнавал расмий түрдө ачылып, ал шаар мэриясынын алдында өттү. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча майрамдык иш чарага 1,026 миллион турист келери күтүлүүдө
Венециядагы Сан-Марко аянтындагы карнавалдын катышуучулары. Испанияда, Италия жана Болгарияда карнавал башталды. Шаардын көчөлөрүндө адаттан тыш кийим кийген кишилер майрамдык иш чарага катышууда. Бул майрам кыштын аякташын жана жаздын келишин айкындайт
Мессинин күйөрманы кумири менен жолугууга даярданууда. Буга чейин интернетте желим баштыктан форма кийип, артына "Месси" деп жазып алып футбол ойногон баланын сүрөтү жарыяланган. Ал социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, баланы дүйнө боюнча издешкен. Журналисттер 5 жаштагы Муртаза Афганистанда жашарын аныкташкан. Месси кичинекей күйөрманына чыныгы майка белек кылууга сөз берген