БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиялык ишкана Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө жана жер-жемиштердин он түрүн сатып алууга кызыктар экендигин КРдин Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, россиялык ишкана Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди сатып алуу ниетин Экономика министрлигинин алдындагы “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасына билдирген.
Продукциясын Россияга экспорттоону каалаган жергиликтүү өндүрүүчүлөр Экономика министрлигинин экспортту өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу бөлүмү менен байланышка чыкса болот.