Ал эми модель айымдардын балдары энелерин колдоп, балдарга арналган кийим-кечелерди көрсөтүштү.
Иш-чаранын катышуусу Ибарат Самакова ооруну жеңүү үчүн өзүңө болгон ишеним жана жакындардын күчтүү колдоосу болушу керектигин белгиледи.
"Илдеттен арылганымды сыймык менен айта алам. Ооруга туш болгондордун баарын андан коркпой күрөшүүгө, ал эми алардын жакындарына жөлөк-таяк болууга чакырам", — деди ал.
Иш-чарадан түшкөн каражат онкологиялык оорулуулар үчүн керектүү морфин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган каражаттар сатып алынат.