БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда Honda Accord үлгүсүндөгү жеңил машина DAF маркасындагы май ташуучу унаа менен кагышып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек — Ош жолунун 500-чакырымында катталган.
Натыйжада 38 тонна май ташып келе жаткан унаа толугу менен күйүп, бактыга жараша айдоочу аман калды. Ал эми жеңил унаанын ичиндеги үч жүргүнчү ар кыл жарааттарды алышкан. Жабырлануучулар Кочкор-Ата ооруканасына жеткирилди.
ӨКМ унаа катуу соккудан улам өрттөнүп кеткенин белгилөөдө.