БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жакындарынын кордугунан Жалал-Абаддан Бишкек шаарына качып келди деген 17 жаштагы Назбийкенин ата-энеси үн катып, кызы кимдир бирөөнүн азгырыгы менен ушундай деп айтып жатканын билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз ата-энесинин ур-токмокко алган кордугуна чыдабай үйүнөн качып чыккан. Ал Бишкекке келип, мамлекеттик органдарга кайрылууга аргасыз болгон. Учурда Назбийкеге адистер психологиялык жардам көрсөтүшүүдө.
© Талгат Бакиев
Жакындарынын айтымында, Назбийке буга чейин бир нече ирет үйүнөн качкан.
Көзүнө жаш алган Назбийкенин апасы Айнура Жаркынбаева кызын эртерээк үйгө кайтып келүүсүн суранып, анын оюндагысын кылууга даяр экенин айтат.
Ызадан ыйлаган атасы Кудайберди Маматов өгөй эместигин айтып, кызынын айткандарын түшүнбөй жатканын билдирди.
Азыр бул окуянын чоо-жайын Сузак райондук милициясы тергеп жатат.