БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги драмалык пьесаларга сынак жарыялай турганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Тарых жана маданият жылына арналып өткөрүлүүдө. Үркүнгө арналган драмалык пьесаларды министрлик 1-мартка чейин кабыл алат.
Бардык иштер көркөм-эксперттик комиссиянын курамына кирген театр ишмерлеринин сынына коюлмакчы.