БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкектин "Аламүдүн-1" кичирайонунда бешинчи кабаттан өспүрүм кыз секирип кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине борбордогу №3 балдар ооруканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда кыз эсине келген, бирок азырынча оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Анын абалы жакшы деп белгиленүүдө.
Окуя кечээ, 28-январь күнү кечинде болгон. Азырынча кыздын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз бойдон калууда. Жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Терезеден секирип кеткен кыздын баш мээси чайкалып, сол буту сынган.