БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жана анын "Тумар" тобу Парижде өтүп жаткан цирк өнөрүнүн Эл аралык De Cirque de Dimain фестивалына катышып жатат.
"Биз азыр Париждебиз. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мыкты таланттар катышкан De Cirque de Dimain фестивалына катышуу үчүн келдик. Кыргызстан бул фестивалга биринчи жолу катышып жатат", — дейт Өмүрзаков өзүнүн Instagram тармагындагы аккаунтунда.
Катышуучулар эки топко бөлүнгөн. Кыргызстандыктар биринчи топто сахнага чыгат — алардын номери бүгүн, 28-январда тартууланат.
Фестиваль дүйнөнүн бардык жагынан келген гимнасттар, акробаттар, жонглерлор, эквилибристтер, атлеттер, фокусниктер жана маскарапоздордун башын бириктирүүдө. Цирк өнөрүнүн дүйнөлүк фестивалы Парижде 1977-жылдан бери өткөрүлүп келет.