БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жер тилкесин алып берем деп Бишкектин 26 жаштагы тургунунан 4000 доллар алып, из суутуп кеткен аял кармалганын Чүй ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, соодалашуу былтыркы жылдын жай айында болгон. Жабырлануучунун арызынын негизинде милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы тургунун колго түшүрүштү.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин (Шылуунчулук) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.