БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргыз элинин 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына карата "Үркүн" тасмасын тартуу иштери бүгүн башталарын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" коомдук фондунун президенти Саматбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, сценарийде бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу ошол учурдагы каатчылык чагылдырылат.
"Бул тасманын саясатка тиешеси жок. Үркүн учурундагы кыргыздардын акыбалы баяндалат. Фильмди тартууга 17 миллион сомдон ашык каражат керектелет", — дейт Ибраев.
Маалыматка ылайык, тасма Кытайда, Ысык-Көлдүн тоолорунда жана Чүй өрөөнүндө тартылат. Тасманын башкы продюссери Мухтар Атаналиев, ал эми режиссеру Метин Учкеев болмой болду.
Тасмага "Саякбай манасчы" коомдук фонду демөөрчүлүк кылууда.