БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Казакстандын Жамбул облусунда 23-январда тик учак кулап түшкөнүн Новости Казакстан маалымат агенттиги ИИМдин өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлүнө таянуу менен билирди.
Расмий өкүлдүн маалыматына ылайык, 23-январдын түнүндө Жамбыл облусунда тик учак кулап түштү деген маалымат келип түшкөн. Кырсык болду деген болжолдуу жерге тийиштүү кызматтын өкүлдөрү тезинен чыгып кетишкен. Андан сырткары "тез жардам" кызматынын өкүлдөрү да жөнөшкөн.
Жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар такталууда.