БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШнын борбор калаасы Вашингтондо, Виргиния жана Мэриленд штаттарынын айрым жерлерине бейшемби күнү өзгөчө кырдаал киргизилди. Бүгүн кар аралаш бороон болору күтүлүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Улуттук метрологиялык кызматынын божомолуна ылайык, жума жана ишемби күнү тизеден келген кар жаашы мүмкүн.
Бороондон улам Нью-Йорк, Бостон, Филадельфия, Атлантика океанынын жээктери, Кентукки жана Түндүк Каролина штаттарында жол кыймылдары кыйындашы ыктымал. Мындай аба ырайы жекшембиге чейин уланышы мүмкүн.