БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Сан-Франциско шаарынын тургуну, мекендешибиз Анара Айбек билдирди.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Таиров 19-январь күнү Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында мотоцикл менен бара жатып, рулду башкара албай 7 метрлик көпүрөдөн кулап кеткен.
"Учурда сөөктү Кыргызстанга алып келүү үчүн каражат топтолууда. Бардыгы болуп 25 миң доллар керектелет. Жети сааттын ичинде 10 миң доллар чогулду. Биз бул жерде азбыз бирок, биримдиктүүбүз. Колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Бул биздин адамдык милдетибиз", — дейт Анара Айбек.
Кыргызстандык жарандын айтымында, буга чейинки каза болгондорду мекенге жөнөтүүгө 25 миң доллар чыгымдалган. Ал учурда буга чейинки учурларга таянуу менен акча каражаты чогултулуп жатканын белгиледи.
20-январда Таиров 23 жашка толмок.