БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте курал-жарак алып жүргөн өспүрүмдөр кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-январында милиция кызматкерлери кармалган уландын жанынан эки огу менен 9 миллиметрлүү травматикалык тапанча табышкан. Ошол эле күнү Лев Толстой менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир өспүрүмдөн эки огу менен тапанча алынган.
Учурда иштин чоо-жайы иликтенип, тергөө иштери башталды.