БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жыл сайын Кыргызстандын тоо-кен тармагына 2-2,5 миллиард сом салынып келген. Мындан ары өнүктүрүү стратегиясы инвестицияны беш миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагын иштетүү активдүү фазага жете элек. Мындай көрүнүш инвестициянын жетиштүү деңгээлде келбей жатканына байланыштуу экенин Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев билдирген.
Инвесторлорду тоо-кен тармагына тартуу үчүн өкмөт 2015-2035-жылдар аралыгына өнүктүрүү планын түзгөн. Анын ичине инвесторлорго жер бөлүп берүүнү жеңилдетүү каралган.
Мындан сырткары инвесторлорго уруксат кагазын алууда, юридикалык документтерди бүткөрүүдө жеңилдиктер бериле баштайт.