Менин бир таанышым бар. Жөн эле бир жакшы аял. Бир күнү ал иштегендери менен тоого эс алганы барса, кесиптеши гүл белек кылат. Айта турган нерсе, ал эркектерден көп деле гүл алып көргөн эмес: карапайымдыгынан өзүнө анча ишене бербейт эле. Анан калса, өз жаш-курагына: "күйөөгө тийгенге кеч болбуп калды, өлгөнгө али эрте" деп кол шилтеп койгон.
Ансыз деле өзүнө ишене бербеген баягы таанышым мындай ачык эле кодулоону кантип башынан кечиргенин жазгандын кажети барбы? Албетте, муну интернет-активисттердин адилеттик үчүн күрөшү деп атаса да болот дечи. Бирок ал аял үчүн бул ит талагандай эле болду.
Макул, бул түшүнбөстүк болуп калды, бирок чемичкенин кабыгын ыргыткан кызчы? Ал ортодо сейилбакта эч уялбай эле чемичкени чагып, артымдан мамлекет тазалашы керек деп отурган кызга Шелуха деп ат коюп коюшкан.
"Мындайды талап-тытып жок кылыш керек!" — деп кызууланат бейтааныш бир кыз. Анын баракчасына кирип карасам, жакшынакай эле кыз экен, сүрөттөрүндө күлүп турат. Брейвикке деле, террорчуга деле окшобойт. Кимди өлтүргөнү жүрөсүң, кагылайын?
"Мына, бетбак, мээси жок маймыл!" — деп анын сөзүн коштогонсуйт 43 жашар жакшынакай эле киши. Бир сүрөтүндө балдары менен, дагы биринде жубайын кучактап түшкөн. Баса, "бетбак" деп атаган кыз болгону он тогуз эле жашта.
Ал кыз коомчулуктун пикирин үзбөй окуп турарына мен ишенем. Ал жасаганы үчүн өкүндү бекен? Албетте, өкүндү. Мындайга татыктуубу? Жок.
Биз аткаминерлердин жорук-жосундарынан, көчө толгон таштандылардан, кошуналардын наадандыгынан, коррупциядан тажадык. Бүтүндөй системага, кошуналарга, акчанын жоктугуна кыжырыбыз кайнайт… Бирок, мисалы, тартипсиздикке кечке эле акыр-чикирди ыргыта берген болбойт. Дал ушундай учурда кудай берди болуп, ошол тартипсиздик адамкейпине ээ болуп чыга келет: кадимки эле узун чач, кара көз, оймоктой болгон эриндер дегендей…
А буга чейин болсо биз чучукка мурдун чүйрүгөн Майкл Макфиттен өч алып жаттык эле. Мурдараак Дрыщ атка конгон Адилет Жунусов дегенге, дагы Мелис байкеси бар Чодроновога тишибизди кайрадык. Нурайым өзүнүн жол тандабастары, эмираттагы саякаты менен интернет колдонуучулардын жемелөөсүнө тушукту.
Тартиптүүлүк, чынчылдык жана улуттук баалуулуктар үчүн күрөшкөндөр жогорудагы кишилерди тирүүлөй өрттөп, тытып-талап же, таякка сайып коюуну сунушташкан. Бул мен үчүн жол эрежелерин көзгө илбеген айдоочулар менен түкүрүк-какырыкка толгон тротуралардан да жаман коркунучутуу.
Бүгүн булар дейли. Эртең ким болот? Менби? Менин досумбу? Күйөөмбү? Бизге башка жаткан кишилер учуп келип унаалар менен куушуп же, сейил бактарды таштандыга толтурган жери жок да. Муну силер менен биз жасап жатпайбызбы.
Биздин кадыр-баркыбыз, атуулдук сезимибиз жана намысыбыз чучукка оролуп, же мамлекеттик желекте эмес – ал болгону сүрөт түшүрүлгөн кызыл кездеме. Биздин жашообузга татыктуу болгондун баары өзүбүздө. Ар бир өлкөнүн эң башкы баалуулугу — адамдар. Алтын да, акча да, эстеликтер менен чучук да эмес. Адамдар гана, сүйүү жана өз ара сый-урмат гана чыныгы баалуулук.
Биз жек көрүү менен өз наркыбызды өзүбүз түшүрүп жатабыз.
Баарыңыздарга сүйүү кааалайм.