БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкектин Офицерский туюк көчөсүндө үч бөлмөлүү үй өрттөнүп, ичинен адамдын күйүп кеткен сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ болгон. Өлгөн адамдын Нарын облусундагы Ат-Башы районунун 54 жаштагы жаран экени аныкталып, учурда анын аты-жөнү такталып жатат.
Министрлик кырсыктын чоо-жайы иликтенип, табылган сөөк Биринчи Май райондук ИИБ кызматкерлерине тапшырылганын кошумчалады.