БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Канатбек Азиз жумуштан кетүүгө белсенип жатканын Sputnik агенттигине өзү билдирди.
Анын айтымында, ал арызын парламенттин профилдүү комитетине жөнөткөн.
"Кызмат алмаштырып көрөйүн дедим", — дейт Канатбек Азиз.
Ал 2011-жылы "Ата Мекен" саясий партиясынын квотасы менен БШКга мүчө болгон.