Афганистанда болгон жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын түштүгүндө сезилди

© AFP / FREDERICK FLORINЖер титирөөнү көрсөтүүчү аппарат. Архив
Жер титирөөнү көрсөтүүчү аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистанда силкинүүнүн күчү 7-8 баллга жетти. Мындан Афганистан менен Пакистандын чек арасында 41 адам жабыркады. Кыргызстанда кырсыктан жапа чеккендер катталган жок.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында очогу Афганистанда жайгашкан жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

Мобилдүү контейнерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошко 89 мобилдик турак жай жеткирилип, 126 үй-бүлө жайгашты
Маалыматка ылайык, 2-3 баллдык силкинүү Бишкек убактысы боюнча 01.14тө катталган. Ал эми очогу Ош шаарынан 445 чакырым алыстыкта жайгашкан жер титирөөнүн күчү 7-8 баллга жетти. 

Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун тургундары сезилди. Министрлик кырсыктан жапа чеккендер катталбаганын айтууда. 

Ал эми Dawn басылмасына таянуу менен РИА Новости Пакистанда жер титирөөдөн жабыркаган 41 адам ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0