00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президентке жөнөкөй жарандар кандай суроолорду жолдомок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев конференция маалында. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев конференция маалында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең мамлекет башчысы жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын берет.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 24-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын берет. Sputnik агенттиги жарандар өлкө башчысына кандай суроолорду берерине кызыгып көрдү.

Сүйүн Откеев, режиссер:

— Дүйнөгө өлкөбүздү таанытуунун жана престижин көтөрүүнүн эң кыска жолу спорт менен кино. Коңшу Казакстан муну аябай жакшы өздөштүрдү. Биздин алардан эмнебиз кем. Сиз да ушул эки нерсени өз көзөмөлүңүзгө алып колдой аласызбы?

Жылдыз Осмонова, "Москва KG" гезитинин башкы редактору, Москва шаары:

— Россиядан келген "груз-200дү" Кыргызстанда тосуп алып жатканда маркум эмне себептен каза тапты, күнөөлүү жазасын алдыбы деп себептери суралбайт. Жөн гана көмүп коет. Мисал үчүн, Тажикстандын жараны каза болуп, маркумдун сөөгү мекенине жеткенде ал жактан башкы прокуратура тосуп алып, иштин чоо-жайын изилдейт экен. Бул боюнча бизде да иш алып барылабы?

Камиля Гареева, "Салт" чыгармачылык топтун жетекчиси: 

Эртең Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрөт
— Акыркы кездерде өлкөдө башка маданияттарды, көз караштар менен баалуулуктарды массалык түрдө киргизүү менен байланышкан кыргыз маданиятын кайра жандандыруу зарылдыгы өтө курч байкалууда. Сиз бул теманы бир нече жолу козгогонсуз жана биз да анын маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Кыргызстандын жаш муундарынын арасында кылым карыткан улуттук баалуулуктарды алдыга жылдыруу зарылчылыгына терең ишенүү менен биз бул иш бирдиктүү идеологияга негизделиши керек деп эсептейбиз. Сиздин көз карашыңызда Кыргызстандын идеологиясы кандай болушу керек? Ошондой эле биздин коомдун жалпы аң-сезимин маданий жактан тарбиялоо боюнча программаларды иштеп чыгуу жана түзүү пландалып жатабы?

Султанбек Аманбеков, Кыргыз улуттук университетинин студенти: 

— КСДП партиясы стипендия көтөрүлөт деди эле, ушул нерсе качан ишке ашат? Башка мамлекеттерде билим алуу үчүн студенттерге жеңилдетилген насыя берилет. Бизде дагы ушундай аракеттерди ишке ашырса болобу? 

Николай Бубнов, соода агенти: 

— Мен Түркиядан келген кагаз майлыктарды сатам. Алар Россия аркылуу келет. Бирок, Россиянын учагы атып түшүрүлгөн окуядан кийин товардын таңкыстыгы байкалды. Талап көп, бирок товар жок. Кытайдын товарлары арзан болгону менен сапаты начар. Соода жок, мен үйдө отуруп калдым. Алмазбек Шаршенович бул маселе кандай чечилет эми?

Социалдык тармактын колдонуучулары да үн катты

Ошондой эле, социалдык тармактын колдонуучулары да четте калган жок. Айка Исмаилова аттуу колдонуучу өлкө башчысына "Сиздин намысыңызга тие турган көп сын-пикирлер айтылууда. Сиз кандай кабыл аласыз?", — деген суроосун узатты.

Социалдык тармактардын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Намыска жараган Жийдеш, Кайрат, "Алтын бала" жана соцтармакта талкууланган окуялар
Gulmira Umetalieva деген жаран дайыма эле балдарына бакыт тилей берерин айтып, өлкө башчысы кайсы тилекти көбүүрөк тилене турганын жана эмнеден коркоруна кызыкты.

Aisuluu Shamidinova аттуу колдонуучу министрликте отургандардын ошол тармакта эч кандай билими,тажрыйбасы жок экенин айтып, Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун дегендей министрлерди кызматка алып келээрден мурун ошол жагы каралып-каралбасын сурады.

Lola Asansha Kyzy аттуу жаран эмнеге дарыгерлерге эч нерсе каралбай жатканына кызыкты. "Кыргызстандын төрөтканаларына барып төрөгөндөн коркосун, же сени, же балаңды өлтүрүп коет, же болбосо балаңды сатып жиберишет. Бизде врачтардын абдан орой мамилелери кадимкидей эле көрүнүш. Кыйналып жатсаң унчукпай басып кетишет", — деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0