БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев эртең жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйын өткөрө турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Журналисттер менен баарлашуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда өтүп, ага 76 маалымат каражатынан 140 журналисттин келиши күтүлүүдө. Мында чет элдик жана аймактык өкүлдөр да чакырылган.
Өлкө башчынын былтыркы маалымат жыйынына 60 маалымат каражатынан 70тен ашуун журналист катышканы белгилүү.