БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрам маалында милиция коомдук тартипке күнү-түнү көз саларын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, стратегиялык объектилерге болгон көзөмөл күчөтүлүп, пиротехникалык буюмдарды саткан жайлар текшерүүдөн өтөт. Милиция кызматкерлери коопсуздук чаралары тууралуу өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.
Мындан тышкары, милициянын бардык райондук бөлүмдөрүндө иш-чаралардын планы иштелип чыгып, күчөтүлгөн ыкчам иликтөө топторунун кезмети уюштурулат.
Токойдогу бактарды кыюунун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен балаты өскөн жерлерде түнкү көзөмөл жүрөт.
Ал эми президенттик балаты майрамы жана студенттик кеченин маалында коомдук тартип күнү-түнү Бишкек ШИИБнын көзөмөлүндө болмокчу. Мындан тышкары, майрамдык оюн-зоокко балдарды коштоп барып, иш-чарага жакын жердеги кезметте болот.