БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун лидери "Сакал" каймана аттуу Улан Токтосунов милицияга өзү келгенин Sputnik агенттигине ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ Москвадан учуп келип, аэропорттон эле милиция колуна түшүп берген.
Учурда ал шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
37 жаштагы криминалдык төбөл Камчы Көлбаевдин тобунун курамындагы Дамир Сапарбековду Бишкектин "Жал" кичи районунан өлтүрдү деген шек менен жазында издөөгө алынган. Ноябрь айында бул иш боюнча "Зыпа" каймана ат менен белгилүү Зыпарбек Алиев кармалган.