БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Келерки аптада ЖК 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышын карап, 2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамдардын долбоорлорун карайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын экинчи күнү парламентарийлер Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүү тартиби, Курал жөнүндөгү мыйзамдары карашмакчы.
Парламенттин пленардык жыйынынын күн тартиби 18-декабрда өткөн Координациялык кеӊештин жыйынында бекитилди.