БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чиналиев жана КРдин Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тийиштүү буйруктарга өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Улукбек Чиналиев 2012-жылы июнь айында КРдин Украинадагы элчиси болуп дайындалган. Ал эми Таалайбек Кыдыров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү кызматына 2010-жылы сентябрь айында дайындалган.